7-майга карата аба ырайы

7-майда Кыргызстандын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,

Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22.

Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градус болот.

Бишкек шаарында ала булут каптайт, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 14…16, күндүз 27…29 градус жылуу болот.