УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы “Леско” компаниясы салыктан 206 миллион сом карыз экенин аныктады. Атайын кызматтан кабарлашкандай, салыктан качуу фактысы аныкталган соң келтирилген зыянды Бишкектин Биринчи Май райондук салыкчылары эсептеп чыккан. Бул боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кылмыш иш козгоду.
“Леско” жоопкерчилиги чектелген коому 2006-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Кандай жумуш аткарары так жазылган эмес. Ээлери Анатолий Демидов жана Андрей Вагнер. (SE)