Кыргызстанда үч айда эки миңден ашуун үй-бүлө ажырашты

Быйылкы жылдын алгачкы чейрегинде 13 221 кыз-жигит баш кошту. Ал эми 2073 үй-бүлө ажырашты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Баш кошкондордун эң көбү Жалал-Абад жана Ош облустарында. Ал эми ажырашкандар Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда көп катталган. (SE)