70 жылдан бери агаларын издеген Сейдимкан апа
Калыбек Асранкуловду (биринчи катарда солдо) майданга узатаар алдында түшкөн сүрөт. Калыбек Асранкулов согуштан кайткан эмес, өлгөн жери да так белгисиз.
Солдо экинчи катарда: Сейдимкан Асранкулованын 1929-жылы туулуп, тылда иштеген агасы Исабек Асранкулов жана анын жанында апасы Калый. Сүрөттөгү башка адамдар да Асранкуловдордун жакын туугандары болушкан. 40-жылдардын ортосундагы сүрөт.
Согушка кетип кайтпай калган Жакыпбек Асранкуловдун байбичеси Сайракан (оңдо).
Жети баланы тарбиялап өстүргөн Калый Ниязалиева. Ал майданга кеткен эки уулу Жакыпбек менен Калыбекти күтүп жүрүп, согуштан кийинки жылдары каза болуп калган. Бул Асранкуловдордун үй-бүлөсү үчүн чоң жоготуу болгон. Анткени жолдошу согушка чейин эле өлгөн экен. Ошентип жетим калган балдарды чоң энеси багып чоңойткон.
Исабек Асранкулов (солдо) согуш жылдары оорукта иштеген. Азыр Бишкек шаарында жашайт. 1929-жылы туулган.
Согуштан кайтпай калган Жакыпбек Асранкуловдун 1941-жылы туулган баласы Кенешбек Жакыпбеков. Ал согушка катышкан эмес.
Сейдимкан Асранкуловдун жолдошу (ортодо) Терекбай Сатыбалдиев (1929-жылы туулган). Согуш жылдары Таластын Кеңарал колхозунда оорукта эмгектенген.
Сейдимкан Асранкуловдун жолдошу (ортодо) Терекбай Сатыбалдиев (1929-жылы туулган). Согуш жылдары Таластын Кеңарал колхозунда оорукта эмгектенген. 1940-жылдардын акырындагы сүрөт.