Уран калдыктарына жакын айылдарды колдоо долбоору ишке кирди

Майлы-Суудагы уулуу зат сакталган жер

ПРООНдун демилгеси менен уран калдыктарынын айланасындагы айылдарды колдоо долбоору өткөн жуманын аягында Кеминде ишке кирди. Бул долбоордун алкагында, ошондой эле Кажы-Сай, Миң-Куш, Ак-Туз, Борду жана Орловка айылдарын социалдык-экономикалык жактан колдоо, анын ичинде социалдык мекемелерди жана айыл чарба объекттерин, таза суу чыгаруу жана жергиликтүү ишкерлерге көмөктөшүү каралган.

Уран калдыктарынын айланасында жайгашкан айылдарга көмөктөшүү долбоору Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы тарабынан да колдоого алынууда. Бул Кыргызстандын ЕАЭБ кирүүсү тууралуу келишимдерге ылайык ишке ашырылып жатат.

Кыргызстанда уран калдыктары сакталган 92 жер бар. Анын ичинен 33ү аймакка олуттуу зыян тийгизет деп эсептелет. Жалпы Борбор Азия боюнча уу заттар көмүлгөн жердеги уран калдыктары 800 млн. тоннадан ашуун.(ZKo)