Прибалтиканы нацисттерден бошоткон Баймамбетов

1940-жылы аскерге чакырылып, Прибалтикада, атап айтканда, Каунас шаарында кызмат өтөп, 142-аткычтар полкунда байланышчы болот. Ал 21 жашка чыкканда согуш башталат жана аскердик билет согуш башталган биринчи күнү, 22-июнда берилет. Дыйкан Баймамбетов Тоң районунан аскерге чакырылган Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) менен бир взводдо кызмат өтөгөн. Кёнисбергди алууга катышкан. 

Согуштан 1946-жылы октябрда кайтып келет. Майданда бутунан жаракат алып, тырыгы бар болчу. Кыргызстанда ооруканада түшкөн сүрөт. Согуштан кийинки жылдар

Дыйкан Баймамбетов согуштан кийин Ата Журтуна дароо эле кайтып келген эмес. 1945-46-жылдары, согуштан кийин да Литвадагы нацисттерге каршы жүргүзүлгөн “Смерш” контр чалгындоо кызматынын операцияларына катышкан. 

Согуштан кайтып келгенден кийин уран кениндеги жашыруун бөлүктө кызмат кылат. Ошондой эле Кажы-Сай шаарчасындагы мамлекеттик мекеме-ишканаларда, кендерде жетекчи кызматтарда иштеген. Элге кылган күжүрмөн эмгеги бааланып, Эмгектин ардагери медалы менен сыйланган. Согуштан келгенден кийин бир жылдан соң, 1947-жылы үйлөнүп, 13 балалуу болгон. 1998-жылы каза тапкан. 

Дыйкан Баймамбетовдун бала кезден орус тилин мыкты билгендиги анын турмушунда чоң роль ойногон. Согушка чейин эле, атап айтканда, ал 13кө чыккан кезинде Ысык-Көл аймагын изилдөө үчүн келген геологиялык чалгындоо экспедициясы аны котормочу кылып, өздөрүнө кошуп алат. Өспүрүмдүн шыгын байкаган экспедициянын башчысы ага Ташкендеги тоо-кен техникумунда билим алууну сунуштап, жардамын берген. Бирок атасынын чакыруусу менен кайра Ысык-Көлгө келе берген Байгамбатеов окуусун бүтүрө алган эмес. 

Дыйкан Баймамбетов бир канча орден-медалдар менен сыйланган.