Бул тууралуу премьер-министрликке сунушталган Темир Сариев парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Евразия экономика биримдигине кошулуу боюнча “жол картада” көрсөтүлгөн бардык шарттарды аткарды. Бирок негизги келишим менен катар эки тиркеме протокол даярдалышы керек эле. Дал ушул тиркемелерде Кыргызстан үчүн маанилүү болгон бир катар маселелер боюнча талкуу болуп жатат. Биринчиси, эл аралык келишимдер күчүнө киргенден кийин Кыргызстан алчу жеңилдиктер. Экинчиси - фито-санитардык эквиваленттик система боюнча макулдашуу.
Ошондуктан 8-майда Евразия экономика биримдигинин жыйынында аталган тиркемелерге кол коюлары күтүлүүдө.
Андан соң бул келишимдер парламенттер тарабынан ратификацияланышы зарыл. Бул үчүн белгилүү мөөнөт керек болот. Ошондуктан келишимдерди парламенттер жактырган соң гана толук кандуу мүчө катары Казакстан менен чек аралар ачылып, Бажы биримдигинин мыйзамдары иштеп баштайт.
Буга чейин аталган маселелер боюнча мунаса табылбаганы үчүн Кыргызстандын Евразия экономика биримдигине кошулуу жараяны создугушу мүмкүн экени айтылган. (BkA)