Орусияда миңге жакын кыргызстандык мунапыс алат

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кабыл алган мунапыска миңге жакын кыргызстандыктар да илинет. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев бул тууралуу Орусиянын парламентинен расмий маалымат келгенин билдирди. Мунапыска ылайык, жеңил мыйзам бузуулар менен кесилген кыргыз жарандары жазадан бошотулат.

Эми орус өкмөтү Мамлекеттик Дума кабыл алган мыйзамдын негизинде кылмыш иши кыскартылчу жарандардын тизмесин бекитет. Иманалиев мунапыс берүү өтүнүчү менен орус бийликтерине Жогорку Кеңеш кайрылганын кошумчалады.

Орусиянын абактарында эки миңден ашуун кыргызстандык жазасын өтөп жатканы белгилүү. (BkA)