Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөлөрү облустардагы сот имараттарынын абалы менен таанышып, материалдык-техникалык базаны жаңыртуу зарылдыгын, имараттар оңдоого муктаждыгын билдиришти.
Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, депутаттар Чүй, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы сот имараттарын көрүп келди. Ошондой эле алар дагы бир катар мекемелер капиталдык ремонтко муктаж деген тыянак чыгарышты.
Бул боюнча сунуштар жазылган чечим кабыл алынып, тийиштүү органдарга жиберилет. (SE)