ОшМУнун периси аныкталды
"ОшМУ периси - 2015" сынагынын баш байгеси - Дубайга жолдомону педагогика жана дене тарбия факультетинин 4-курсунун студенти Турдубай кызы Айтурган жеңип алды.
Сынак беш номинация боюнча өтөт: гран-при, "ОшМУнун акыл карачачы", "ажарлуу пери", "таланттуу пери". Сынактын калыстары иш-чара болуп жаткан күнү ар кайсы тармакта ийгиликтүү эмгектенген адамдардан тандалат.
Сынакка даярдык көрүүдө ар бир катышуучу кеминде 10 миң сом коротот.
Сынакка көбүнчө төмөнкү курстардын студенттери катышат.
Быйылкы сынакта да Хюррем эстен чыккан жок
«ОшМУ периси» сынагы өлкө эгемендик алгандан бери университетте такай өткөрүлөт.