Жаза аткаруу кызматында мамлекетке дээрлик 9 миллион сомдук зыян келтирген факт аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, 2013-2014-жылдары Жаза аткаруу кызматы түрмөлөрдүн биринде атайын корпус куруп, бөлүнгөн акчаны максатсыз пайдалангандыктан ири суммада жемкорлукка жол берген.
Факт боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы кылмыш иш козгоп, тергөө жүргүзүп жатат. (RK)