"Нью-йорк Таймс" гезитинин жазышынча, Хиллари Клинтон Мамлекеттик департаментти башкарып турганда канадалык кен казуучу компания Клинтондордун үй-бүлөлүк коруна ири суммада донордук салым кошкон.
Гезиттеги маалымат Хиллари Клинтон келерки жылдагы президенттик шайлоого талапкердигин кое тургандыгын жарыялагандан эки аптадан кийин чыкты. Ага ылайык, орусиялык мамлекеттик ядролук "Росатом" корпорациясы канадалык "Ураниум Бир" компаниясын 2009-2013-жылдары өз көзөмөлүнө алып жатканда Клинтон коруна накталай акчалар келип түшүп турган. Гезиттеги отчетто айтылгандай, ал кездеги сүйлөшүүнүн натыйжасында Орусия АКШдагы уран өндүрүш дареметинин бештен бирине ээ болгон.
Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгүндөгү өкүлү гезитке «Клинтондун донорлордун кызыкчылыгын колдогондугу тууралуу тырнактай да далил жок» деп билдирди. "Нью-Йорк Таймска" ылайык, "Ураниум Бирдин" төрагасы өзүнүн үй-бүлөлүк корунан 2 миллион 250 миң доллар, бул ишканага байланышы бар башка адамдар дагы башка каражаттарды Клинтондун коруна беришкен.