Таластан Берлинге кеткен жол

1943-жылы 5-апрелде Орел, 1943-жылы 25-сентябрда Смоленск (Орусия), 1944-жылы 24-июлда Витебск (Беларус), 1944-жылы 8-октябрда Шаулей (Литва) шаарларын, 1944-жылы 23-октябрда Чыгыш Пруссияны, 1945-жылы 9-апрелде Кёнигсберг калаасын бошоткондугу үчүн бир катар орден-медалдар менен сыйланган. Согуштан кийин да бир катар сыйлыктарды алган. Маселен, 1946-жылы 7-июлда Германияны бошоткондугу үчүн, 1985-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи даражадагы орденин алган. Бардыгы болуп 14 орден-медал менен сыйланган экен. 

Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Манас районундагы Ак-Башат айылында колхоздо башкарма, Пушкин жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин төрагасы болуп иштеген. Ушул кызматтарда иштеп туруп, персоналдык пенсияга чыккан. 

Согуштан кийин үйлөнүп, он баланы тарбиялап өстүргөн. Өмүрүнүн акырына чейин Аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштеген жана бир канча жолу айылдык, райондук, облустук кеңештин депутаттыгына шайланган.  Өмүрүнүн акырына чейин коммунисттик партияга мүчө болгон. 

Маткерим Рахманбердиевдин аты Манас районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы мектепке коюлган. Бул ардагердин мектепте илинип турган сүрөтү.