Баткен районунда бүгүн "Тартип бузууларды алдын алуу - биздин жалпы жоопкерчилик" деген ураан астында эки күндүк акция башталды. Иш-чара Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарында өтөт. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун маңзат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги менен бирге уюштурууда.
Максат - аймакта жашаган элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн тартип бузууларды алдын алуу.
Ак-Сай жана Көк-Таш айылдары кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан. Аталган аймакта коңшу республиканын жарандары менен катталган түрдүү чек ара жаңжалдарынан улам адам өмүрү жана мүлккө зыян тийген учурлар болгон. (RK)