Азербайжандык укук коргоочу Интигам Алиев түрмөгө кесилди

Интигам Алиев.

Бакунун соту бүгүн адвокат жана укук коргоочу Интигам Алиевди салыктан качкан, мыйзамсыз ишкердик кылган, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп таап, жети жарым жылга эркинен ажыратты.

Ал соттогу соңку сөзүндө өзүнө каршы айыптарды саясий жүйөсү бар деп атап, 200дөй ишти Адам укуктары боюнча Европа сотуна жеткиргени үчүн жазаланып жатканын билдирген.

Былтыр августта камакка алынган Интигам Алиев - азери бийликтери акыркы бир жылда абакка салган 40ка жакын активист, журналист, укук коргоочу жана өкмөт сынчыларынын бири.

Өткөн аптада эле Бакунун соту Алиевдикине кудум окшош айыптар менен Расул Жафаров ысымдуу дагы бир белгилүү укук коргоочуну алты жарым жылга эркинен ажыраткан.

Эл аралык Мунапыс уюму Интигам Алиевди, Расул Жафаровду да "абийир туткуну" деп тааныган. (UE)