Бишкекте Суу музейи ачылды

Суу музейлери КМШда Орусия жана Украинада бар.

Бул имарат мурда Борбор Азияга таанымал Жаратылыш ресурстарын башкаруунун «ным» лабораториялык кампусу аталып келген жана Совет мезгилинде Корея жана башка өлкөлөрдөн окумуштуулар келип турган.

Кыргызстанда 1891 калктуу айыл конуш болсо алардын 1272син таза суу менен камсыздоо араң жан абалда. Калган 396сында таптакыр эле суу жок.

Кыргызстанда суу жүгүргөн түтүк, арыктар начар болгондуктан суунун 50 пайызы коромжуга учурайт экен.

"Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор"

Адистер өлкөдө суунун көлөмү жылына 50 миллиард куб метрди түзсө, Кыргызстан анын 7 миллиард кубун гана пайдаланарын, калган суу кошуна мамлекеттерге кетерин айтышат.

Учурда дыйкандарга суу тартыш жерлерде суугаруунун бир нече ыкмалары сунушталууда.

Суу музейин ачуу демилгеси 2011-жылы АКМЕНА коомдук уюму тарабынан көтөрүлгөн. Долбоордун ишке ашуусуна ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү жана ПРООНдун чакан долбоорлорду колдогон программасы көмөктөшкөн.

Европалык жаран күнүнө 50 литр суу пайдаланса, кыргызстандык жаран 560 литр керектери айтылып келет. 

Айыл чарба адистери быйыл өткөн жылкыга салыштырмалуу суу көбүрөөк болорун белгилешет. Ошол эле маалда сууну натыйжалуу пайдаланбасак, быйыл да суу тартыш болушу ыктымал. 

Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн дыйкандар арасында тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу тууралуу айтылып келет.

Суу бир гана адамзат үчүн арналган эмес. Суусуз жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн да жашоосун элестетүү кыйын. 

Музейде шаркыратмалар, жер катмарындагы жана жер астындагы суулар, ичүүчү суунун булактан керектөөчүгө кантип жетери көрсөтүлөт.

Тамчылатып суугаруу ыкмасы бир аз акча каражатын талап кылат, бирок иш жүзүндө өзүн он эселеп актайт экен. 

Музейдеги суугат суусун бөлүштүрө турган кичи дамба.

Суунун баркын билген өлкөлөр жаадырып суугаруу ыкмасын да колдонушат.

Сууну үнөмдөө бул - мол түшүм, жарык жана жылуулук.

Музейдин ар бир бөлмөсүндө суунун агымын көзөмөлдөй турган заманбап техникалар бар.

Суу адамдын турмушунда ар багытта керектелет.

Бишкек шаары аркылуу өткөн өзөндөр жана негизги суу түтүктөрү.

"Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген".

Серепчилердин айтымында, келечекте таза суунун баасы күйүүчү майдан 5-6 эсе кымбат болот.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 100 миң доллар сарпталды. Мындан тышкары 4 жылдан бери чакан гранттар бөлүнүп келген. Долбоорду ишке ашырууга төрт жыл сарпталып, декорациясы иштелип чыккан.