Мигранттардын, балдардын укугун коргоо жаатында иш алып барган "Чоң коомдук кеңеш" уюмунун кезектеги жыйыны Нарында өтөт. Бул тууралуу бүгүн аталган уюмдан кабарлашты. 30-апрелге Ат-Башыда мерчемделип жаткан жыйында балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу маселеси талкууланат.
"Чоң коомдук кеңеш" уюму 2012-жылы түзүлгөн. Анын курамына мамлекеттик жана бейөкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет.
Бишкекте ата-энеси ажырашып, туугандарынын колунда калган 2 жаштагы наристе кордолуп, ооруканага түшкөн окуя быйыл жыл башында коомчулукта кызуу талкуу жаратып, балдардын коопсуздугу боюнча маселе мамлекеттик деңгээлге көтөрүлгөн. Зордукталып, ур-токмокко кабылган наристе али күнчө эсине келе албай жатат. (RK)