Бул тууралуу ушул күндөрү Страсбургда өтүп жаткан Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын жыйынында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев айтып чыкты. Ал 2010-жылкы апрел окуялары тууралуу доклад окуп, андагы күнөөлүүлөрдү жазалоого көмөктөшүүнү өтүндү.
- Бакиевдер жана алардын коштоочулары бир катар Европа мамлекеттеринде башпаанек тапкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуста жашайт, анын айрым жакындары Улуу Британияда, - деп Иманалиев Бакиевдерди экстрадициялоодо Кыргызстанды колдоого үндөдү.
Ошондой эле Иманалиев ПАСЕни Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдү колдоого чакырды.
Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясы (Parliamentary Assembly of the Council of Europe - PACE) Европа Кеңешине кирген 18 өлкөнүн парламент аралык кеңешме органы. 1949-жылдын 5-майында түзүлгөн. Кыргызстан бул уюмга демократия боюнча өнөктөш макамын былтыр жазында алган. (BkA)