Аскер болуш аста, аста...

1982-жылы түптөлгөн бул окуу жай ушул күнгө чейин 3000ден ашык бүтүрүүчү чыгарган.

Курсанттын күнү таңкы 6:30 да башталат.

"Рота, тур!" командасын угаар замат жатакананын ичи дабыр-дубур добушка толуп, курсанттар кийинүүгө шашат.

Таңкы гимнастикадан соң күнүмдүк гигиена процедуралары башталат.

Нөөмөттөгүлөр тазалык менен алпурушса, калгандар катарга туруп, эртең мененки тамакка жөнөйт.

Кадимки мектеп программасынан тышкары тарбиялануучулар аскер өнөрлөрүн дагы окуп үйрөнүшөт.

Дене тарбия көнүгүүлөрү бул жайдын курсанттары үчүн кадимки мектептегилерге салыштырмалуу кыйла катаал.

Мыкты офицер болуу үчүн мыкты окуу зарыл.

Гимнастикадан соң түшкү тамактануу.

Мектеп программасынан соң аскердик программа башталат. Ар бир кадам түзөлмөйүн, плацты айланып марш тепмей.

Бош убакыт гитаранын коштоосунда жагымдуу ырларды созуу менен өтөт.

Болочок офицерлер "Азаттык +" телеберүүсүнүң алып баруучусу айгерим Акылбекова менен. Курсанттардын жашоосу тууралуу толугураак шаршемби күнү кечки тогузда КТРКдан көрө аласыздар.