Евробиримдик Жер ортолук деңизиндеги кырсыктарды чукул талкуулайт

Еврошаркет Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштан келип жаткан миграция агымы боюнча дүйшөмбүдө чукул сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө.

Буга Жер ортолук деңизиндеги соңку кырсык түрткү берди.

Ушул дем алыш күндөрү Ливиядан жолго чыккан жети жүздөй мигранттын кайыгы оодарылганда, алардын көбү сууга чөгүп кетти деп болжолдонууда.

БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын жекшембидеги маалыматына караганда, оодарылган кайыктагылардын 50дөйү гана аман –эсен куткарылган.

Куткаруучулар Италиянын Лампедуса аралынынан жанынан кеминде 20дай адамдын сөөгүн табышты.

Калгандарын издөө иштери уланып жатат. Оодарылган кайыкта жети жүздөй адам болгонун аман калган мигранттар билдиришкен.

"Биз эч качан кайталанбайт деп көп жолу айттык элек. Евробиримдикке бул трагедиялар боюнча токтоосуз чара көрө турган мезгил келди”,- деди Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жекшембиде кабарчыларга.

Анын айтымында, миграция агымы дүйшөмбү күнү Еврошаркеттин тышкы иштер министрлеринин Люксембургдагы кеңешмесинде талкууланат.

Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск да миграция маселеси боюнча чукул саммит чакырууну караштырып жатканын анын басма сөз катчысы билдирди. (UE)