Кара-Кече жылуулук борборун курууга тогуз компания арыз берди

Кара-Кече жылуулук борборун курууга кызыкдар тогуз чет элдик ишканадан арыз түштү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Валерий Диль бүгүн Өкмөт үйүндө Кытайдын ири “Харбин” энергетикалык ишканасы менен меморандумга кол койгондон кийин билдирди. Анын айтымында, борборду курууга Кытайдын аталган ишканасы да кызыгууда.

15-апрелде Валерий Диль Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча кеңешме өткөрүп, анда курулуштун шарттары жана ыңгайлуу варианттарын аныктаган. Вице-премьер-министрдин бүгүн белгилешине караганда, социалдык жана экологиялык жактан катуу талаптар коюлган. Шарттар кызыккан тараптарга жөнөтүлөт.

Электр энергиясынын тартыштыгы Кыргызстан энергия өндүрүүчү ишканаларга муктаж экенин көрсөткөнү өкмөттө белгиленди. (КЕ)