Билим берүү жана илим министрлиги “Биздин мектеп” долбоорун ишке ашырганы жатат. Долбоордун өзөгүн мектеп көйгөйлөрүн коомчулук менен биргеликте чечүү түзөт. Бул тууралуу бүгүн министр Эльвира Сариева маалымат жыйында билдирди.
-Бүтүрүүчүлөр өздөрү окуп бүткөн мектепке ар кандай багытта жардам берип келатканын билебиз. Аны жөнгө салуу үчүн биздин министрлик өзүнүн сайтына кайсыл мектептерге кандай жардам керек экендигин жайгаштырабыз, - деди Сариева.
“Биздин мектеп” долбоору 15-апрелден 15-майга чейин жүргүзүлөт. (ZA)