Кыргызстанда оюнчуктардын 90 пайызы зыяндуу

Кыргызстанда оюнчуктардын 90 пайызы балдардын ден соолугуна зыяндуу. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик кызматынын жетекчи орун басары Зина Исабаева Кыргызстан базарындагы дары-дармекти сатууну көзөмөлгө алуу жана аткезчиликти азайтууга арналган талкууда билдирди. Ал өлкөдө сатылып жаткан оюнчуктардын дээрлик бардыгы ташылып келинерин, анда ден соолукка зыяндуу химиялык заттар бар экенин белгиледи. Исабаева Кыргызстанга аткезчилик жол менен көбүнесе оюнчук, тамак-аш жана дары-дармек кирерин кошумчалады.

Кыргызстанга оюнчуктар негизинен Кытайдан алынып келинет. Буга чейин Оштогу санэпидемкызматы базарларда текшерүү жүргүзүп, ден соолукка зыяндуу формальдегид жана фенол заты ашыкча экендиги аныкталган. (КЕ)