Батырканов: Дүйшөбаева боюнча иш токтогон жок

Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Капар Батырканов “Азаттыкка” билдирди. Ал бул ишти ИИМ башчысы өзү көзөмөлдөп жатканын кошумчалады. 14-апрелде аталган башкармалыктын маалымат кызматы маркум Камила Дүйшөбаевага байланыштуу иш шектүү жарандын аныкталбаганына байланыштуу убактылуу токтогонун билдирген.

-Бул боюнча жумуш токтогон жок. Бул боюнча биз ар бир мөөнөттө отчет берип турабыз. Иликтөө жүрүп жатат. Жаңы келген кызматкер туура эмес маалымат берип коюптур, - деди Батырканов.

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаева былтыр жазында киши колдуу болуп каза болгон. Ушул кезге чейин бул иштин бети ачылбай келет. Маркумдун атасы Эшмамбет Дүйшөбаев иш токтотулса Башкы прокуратурага кайрыларын “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Ал ишти токтотууга кызыктар чоң күчтөр бар экенин кошумчалаган. (КЕ)