Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган тегерек үстөл өтөт

Кызыл Аянтта өтчү аскерий парадга даярдык

15-апрелде Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине жана Экинчи Дүйнөлүк согуштун тарыхын жаңыча таразалоого арналган илимий талкуу өтөт. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин корей дарсканасында өтө турган тегерек үстөлдөгү баарлашууга жергиликтүү тарыхчылар, саясат таануучулар, философтор жана башка илимпоз адистер катышат.

Тегерек үстөлдү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду жана “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси уюштурууда.

Экинчи Дүйнөлүк согуштун тарыхын жаңыча изилдөө максатында жана Москва шаарындагы архивдик маалыматтарды изилдөө үчүн “Мурас” фондунун жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын иликтеген окумуштуу Н.А.Алымкулов дүйшөмбүдө Орусияга илимий сапар менен жөнөп кетти.

Кыргызстандыктар быйылкы Улуу Жеңиштин мааракесин кыргыздын туусунун шекилиндеги кызыл тасма менен көкүрөгүн кооздоп майрамдашат.

Үстүбүздөгү жылдын апрель - май айларында Кыргызстандын бардык илимий изилдөө жана маданий мекемелеринде, окуу жайларда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган ар кыл жыйындар, сынактар жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлөт.