Түркия Ватикандан элчисин чакыртып алат

Расмий Анкара Рим папасынын айткандарына жооп иретинде Ватикандагы элчисин чакыртып аларын жарыялады.

Рим папасы Франциск Осмон империясы маалындагы армяндардын массалык өлтүрүлүшүн "ХХ кылымдын биринчи геноциди" деп атаган эле.

Ал мындай пикирин 12-апрель күнү Ватикандагы Ыйык Петр аянтында 100 жыл мурун Осмон империясында массалык кыргынга тушуккан армяндар эскерилген учурда айткан.

Ватикандагы эскерүү иш-чарасына Армения президенти Серж Саргсян да катышты.

Түркия 1915-жылдагы армяндарга кол салууну геноцид катары тааныбай турганын белгилеп келет.

Маалыматтарга караганда, Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда түрк аскерлери тарабынан бир жарым миллион армян өлтүрүлгөн. Согуштан мурда армяндардын саны эки жарым миллион болгон. (SE)