Орус акчасы төрт айлык рекорд койду

10-апрелде эрте бешимде Москвада болгон соодада 50. 27 рубль 1 АКШ долларына сатылды. Быйыл февралда 1 доллардын наркы 70 рублге чукулдап калган. Бирок андан бери рубль 30 процентке кымбаттады. 2014-жылкы валюта кризисинен кийин рубль куну 40% арзандаган.

Талдоочулардын боолгошунча, рублдын кубаттануусу Чыгыш Украинада уруштук аракеттердин басаңдашы жана Орусияда банкта аманат сакталган акчалар үчүн проценттик төлөмдөрдүн жогору экенине байланыштуу болушу ыктымал.