Пакистан Йемендеги аскерий жаңжалга катышпайт

Улуттук парламенттин мүчөлөрү бир жумага созулган талкуудан кийин 10-апрелде "Пакистан Йемен калабасына катышпайт" деп чечти. Резолюция кабыл алардын алдында өлкөнүн финансы министри Исхак Дар депутаттарга кайрылып, Исламабад кризисти дипломаттык жол менен токтотууну каалайт деди: "Кризисти токтотууда үзүрлүү дипломаттык роль ойношу үчүн Йемен коогалаңында Пакистан бейтарап болушу керек деген тилегибиз бар".

Сауд Арабия союздашы Пакистанга кысым жасап, Йемендеги шиит козголоңчулары – хуситтерге каршы падышалык башындагы коалицияга согуштук кемелер, учактар жана аскерден жардам берүүнү суранып жаткан.

БУУ 10-апрелде Йемендеги гуманитардык алааматты тез токтотууга чакырды.(АУ)