Кумтөр маселесин парламент бүгүн карайт

Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин бүгүн саат 14:00дө карамай болду. Мындай чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Ага чейин айрым депутаттар аны кийин караш керек деген сунушун айтып, өкмөт өкүлү премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн бош эмесин билдирген болчу.

Ошентип, бүгүн парламент Кумтөр долбоору боюнча быйыл февралда өкмөткө берген тапшырмасынын аткарылышын карайт.

Жогорку Кеңеш 26-февралдагы жыйынында өкмөткө бир ай ичинде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди, ал болбосо улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун алып келүү тапшырмасын берген.

7-апрелде Оторбаев Кумтөрдө үлүшү теңме-тең болгон биргелешкен ишкана түзүү пайдасыз экенин, аны улутташтыруу демилгеси да начар сунуш экенин белгилеген. Кумтөр мурунку бойдон иштей бериши керектигин кошумчалап, эгер кимдир бирөө башка оптималдуу вариант сунуштаса, ошол адамга ордун бошотуп берүүгө даярдыгын билдирген. (RK)