Жохар Царнаев күнөөлүү деп табылды

Жохар Царнаев сотто.

АКШда федералдык сот арачылары Бостон марафонундагы теракт боюнча айыпталып жаткан Жохар Царнаевди күнөлүү деп табышты. Сот арачыларынын мындай чечимин аймактык судья Жорж О Тул жарыялады.

Бала чагында Кыргызстанда жашаган Царнаевге отуздан ашык айып тагылды, анын он жетиси боюнча өлүм жазасы чектелиши күтүлүүдө.

4-мартта башталган сот жараянында адвокат билдиргендей, 21 жаштагы Жохар агасы Тамерландын тилине кирип, кыянатчыл кадамга барган. Тамерлан Царнаев окуядан үч күндөн соң кармоо учурунда каза тапкан эле.

Эми соттук аткаруучулар кенже Царнаевге карата жазаны аныкташат. Аны же өлүм жазасы, же мөөнөтүнөн мурда бошотуу укугу жок өмүр бою эркинен ажыратуу күтүп турат. Өкүм 13-апрелде угузулат.

2013-жылдын 15-апрелинде Бостон марафону учурундагы жардыруудан 3 кишинин өмүрү кыйылып, 250 адам жараат алган.