Түркияда социалдык сайттар кайра ачылды

Түркияда Фейсбук, Твиттер жана Ютюб кайра ачылды. Бул сайттар террорчулар прокурорго тапанча такап турганын көрсөткөн 160тан ашык сайтка сот кечөө тыю салгандан кийин жабылып калган эле. Ал прокурор өткөн аптадагы барымтадан бошотуу операциясында набыт болгон. Түркия ошондой эле бул сүрөттөрдү алып салбаса, Гуглды да жабаарын эскерткен. Түркия бийликтери бул сүрөттөрдү көрсөтүү террордук уюмдарды пропагандалоого тете деп баалаган.