Ош: казак кызынын өнөрканасы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ар улуттун өкүлдөрүн кучагына батырган Ош жергесинде учурда казак кызы Гульнафис Мергенбаева тирилигин өткөрүп келет. Ал кыргыз мырзасына турмушка чыгып, бул жерде биротоло калып калган. Гульнафис Мергенбаева Оштогу лицейлердин биринде башталгыч класстарга чийүү, кол өнөрчүлүк, жогорку класстагыларга болсо технологиядан сабак берет. Ар түрдүү жанрдагы сүрөттөрдү тартып, 4 жыл мурун өзүнүн сүрөтканасын ачкан. (Жылдыз Орозматова, Самат Чегиров)