2010-жылдагы Апрель окуясы Кыргызстан үчүн кайра жаралууга жол ачты. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн эскерүү салтанатында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Өлкө жетекчиси башка мамлекеттерде болгон төнкөрүштөрдү мисал келтирип, бирок алар максатына жетпей калганын айтты.
-Бир катар мамлекеттерде төңкөрүш согушка айланып кетти. Буга Ливия, Сирия жана Украинаны мисал катары айтсак болот. Йеменде да ушул абал байкалууда. Тунисте оппозиция лидерлерин өлтүрүү уланып жатат. Тилекке каршы аталган өлкөлөрдүн баарында экономика артка кетип, инфляция күчөдү,- деди Атамбаев.
Бишкектеги эскерүү иш-чарасы 7-апрелде өткөндөрдүн урматына тургузулган эстеликке гүл коюу менен башталып, курман болгондордун эрдиги даңкталды.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин режимин күч менен алмаштырган Апрель окуясына бүгүн беш жыл толду. Кандуу окуядан жүзгө чукул адамдын өмүрү кыйылган. (SE)