Султан Жумагулов "Журналистикага жол" аттуу китеп жазууда

Султан Жумагулов

Белгилүү устат журналист Султан Жумагулов "Журналистикага жол" аттуу колдонмо-китеп жазууда. Бул тууралуу "Журналист" коомдук бирикмеси уюштурган "Устат-шакирт" аттуу жыйында автор өзү кабарлады. Китеп кыргыз тилинде жатык, жөнөкөй тил менен жазылып, болочокто журналисттик кесипти аркалоону чечкен улан-кыздарга, бул ары кызыктуу, ары түйшүктүү, ары жооптуу кесипке дитин койгондорго, дегеле журналистикага кызыккандарга арналган. Бул практикалык колдонмо

"Медиа өнүктүрүү Борбору" коомдук фонду, АКШ элчилигинин алдындагы Демократиялык комиссиянын колдоосу менен чыкканы жатат.

Султан Жумагулов кезинде Би-Би-Си радиосунда кабарчы, "Азаттыкта" директор, ЭлТР жана КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарды аркалаган. (UEz)