Пакистанда алты согушкер өлүм жазасына тартылды

Батпарек ойногон бала. Исламабаддын чети. 30-март 2015

Пакистанда жети ислам согушкер өлүм жазасына тартылып, жетинчи айыпкер өмүр бою абакка кесилди. Аскерий соттун 2-апрелдеги билдирүүсүндө алар террорчулук кылды, жанкечтилердин бомба чабуулуна тиешеси бар жана адамдарды уурдаган деп айыпталат. Сот кайда болгону маалымдалбады. Айыпталуучулар доо арыз жазууга укуктуу.

Былтыр декабрда талип согушчандары Пешавардагы мектепке чабуул койгондо 150 адам, көбүнчө окуучулар апаат кеткен.