Апрель ирмемдери көргөзмөдө

Ага жергиликтүү фото журналисттер тарабынан тартылып алынган 151 ирмем коюлду.

Көргөзмөдө элдин милиция кызматкерлери менен болгон алгачкы кагылышынан баштап, курман болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатына чейинки орчундуу көз ирмемдер камтылган.

Сүрөт көргөзмө 15-апрелге чейин уланат.

2010-жылы 7-апрелдеги ыңкылапта өкмөт үйүнүн алдына чыккан демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. 300дөн ашык адам ар кандай деңгээлде жараат алган.

Бул сүрөттөрдү фото кабарчылар В. Оследко, И.Ковеленко, В. Пирогов, В. Воронин жана Н. Горшкова тарткан.