Ишкерлер баш прокурор менен жолугат

Бүгүн Бишкекте Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү баш прокурор Индира Жолдубаева менен курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулайт. Бул тууралуу аталган бирикмеден кабарлашты. “Гран-Сити” отелинде өтө турган талкууда курулуш тармагына байланыштуу мыйзамсыз көрүнүштөр жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору каралат. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов да чакырылган. (SE)