Алтын доор жана Тайтору
"Манас" коомдук фондунун төрагасы, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, иш-чаранын негизги максаты - манасчылардын айтуу жөндөмдүүлүгүн такшалтып, жаңы манасчыларды таап, элге тааныштыруу.
Уюштуруучулар "Манас" айтуунун он сегиз күнгө созулушунун себебин күн менен түн 18-мартта теңелери жана кыргызда эзелтен он сегиз миң аалам деген түшүнүк бар экени менен түшүндүрүүдө.
Иш-чаранын алкагында "Манас" эпосу боюнча чыккан китептер, Манас таануучулардын эмгектери коомчулукка сунушталууда.
Кыргызстан Манас, Семетей, Сейтек үчилтигин ЮНЕСКОго маданий мурас катары каттатып жатканда эпосту жайылтуу боюнча милдеттенме алган. Аталган иш-чара ушуну менен бешинчи жылы өткөрүлүп жатат.