Касымбеков: Кадыралиевге барган дарыгерлер аны тааныган эмес

Тез жардам кызматынын жетекчиси Жаркынбек Касымбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, Канжар Кадыралиев боюнча аларга эки ирет кайрылуу түшкөн.

Биринчисинде, 21-март күнү тез жардам кызматы Канжар Кадыралиевди текшерип, ага өткүр панкреатит деген диагноз коюп, аны ооруканага жеткирүү зарылдыгын айткан. Бирок жакындары бул сунуштан баш тарткан. 26-мартта экинчи ирет кайрылуу түшкөн. Күзөттө турган ошол эле дарыгерлердин бригадасы барып, Канжар Кадыралиевдин абалы оорлоп кеткенинен улам шаардагы №1 ооруканага жеткиришкен. Тез жардамдын дарыгерлери эки жолу тең Канжар Кадыралиевди тааныган эмес.

Тез жардам кызматы Канжар Кадыралиев боюнча массалык маалымат каражаттарына чыккан кабарлардын кийин гана бүгүн 1-апрелде тийиштүү карточкаларды көтөрүшкөн.

Жаркынбек Касымбековдун айтымында, эки ирет тең дарыгерлер бир эле дарекке барышкан.

Айрым маалымат агенттиктери бул үйдө Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын жашарын ошол жердеги тургундардын айтканына таянып жазып чыгышты.

Бул маалыматты тактоо үчүн Ыргал Кадыралиеванын өзү менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан. 26-мартта Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу өз эрки менен прокуратурага келген. (AzK)