“Анадолу” агенттиги өлкөнүн энергетика министри Танер Йылдызга шилтема жасап кабарлагандай, Стамбулда ушул сааттарга карата электр кубатын берүү 90% калыбына келип калды.
Башка аймактарда калыбына келтирүү аракеттери көрүлүп жатат.
Бүгүн Түркиянын 81 провинциясынын 49унда электр кубаты жапырт өчкөнү кабарланган.
Мындан улам ири шаарлар - Анкара менен Стамбулда метролор иштебей калган эле.
Бул авария акыркы он беш жыл ичиндеги эң ири электр кырсыгы катары айтылууда. Авариянын себептери азырынча ачыктала элек.
Премьер-министр Ахмед Давутоглы бардык версиялар иликтенип жатканын билдирген.
Энергетика министри Танер Йылдыз электр түйүнүнө сырттан кибер чабуул жасалышы мүмкүндүгүн да жокко чыгарган эмес. (UE)