Орус тарап кыргызстандык мигранттар менен жолугушуудан баш тартты

Москва четиндеги миграция борборуна келген мигранттар

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын кыргызстандык мигранттар менен 31-мартка белгиленген жолугушуусу болбой калды. Бул тууралуу элчиликтин 2-катчысы Айымкан Кулукеева маалымдады. Иш-чара Кыргызстандын элчилиги тарабынан Орусиянын миграциялык мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулуп жаткан болчу.

Миграциялык кызмат 14-апрелде КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууга даярдык көрүп жаткандыктан жолугушуудан баш тарткан. (LzT)