Адвокаттар кеңеши “Бир дүйнөгө” карата тинтүүнү сындады

Адвокаттар кеңеши өткөн жумада “Бир дүйнө Кыргызстан” кыймылынын Оштогу кеңсеси жана уюмдун юристтери Хусанбай Салиев менен Валерий Вахитовдун үйлөрү УКМК тарабынан тинтүүгө алынганын сындады. Кеңеш тараткан билдирүүдө бул аракет адвокаттардын көз карандысыз ишмердүүлүк жүргүзүү укугун басмырлайт.

Атайын кызмат "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун Ош шаарындагы кеңсесине жана Салиев менен Вахитовдун үйүнө 27-мартта тинтүү жүргүзгөн. УКМК муну уюм экстремисттик жана бүлүндүрүүчү аракеттерге тиешеси болушу ыктымал деп негиздеген.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы бул окуя боюнча Башкы прокуратурага арыз жазды. (SE)