Москвада "Солидарность" кыймылынын активисттери саясатчы Борис Немцов өлтүрүлгөн жердеги вандализмге байланыштуу прокуратурага кайрылышты.
24-мартта белгисиз адамдар Немцовдун сүрөттөрүнө мыскылдаган сүрөттөрдү жазып, гүлдөрдү ыргытып кетишкен.
28-мартка караган түнү да белгисиз адамдар кайра эле мемориалды талкалап салышкан. Алар гүлдөрдү, сүрөттөрдү жана шамдарды алып кетишкен. Көп өтпөй ал жерге адамдар гүлдөрдү алып келип, мемориал калыбына келтирилген. (ZMa)