Жерүй боюнча сынактын экинчи этабына үч компания тең катыша алат

Жерүй алтын кени алтындын запасы боюнча Кыргызстанда 2-орунда турат

Мындай чечимди сынакты караган комиссия 26-март күнү кабыл алды. Булар Орусияга таандык эки: “Алданзолото”, “Восток-геолдобыча” компаниялары жана “Кыргызалтын” ишканасы. Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин белгилөөсү боюнча комиссия сынакка катышып жаткан үч компаниянын документтери менен эки күн бою таанышууга мүмкүнчүлүк алды.

Эми сынактын шартына ылайык, экинчи этапка өткөн ишканалар Жерүй алтын кенин иштетүүгө тиешелүү документтерин 17-апрелге чейин комиссияга тапшыруусу керек. Жерүй алтын кенин иштетүү жана изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча сынактын ишин караган комиссия кийинки отурумуна 28-апрелде чогулат.(ZKo)