Манхеттенде беш кабаттуу имараттын бир бөлүгү кулады

Нью-Йорк

Нью-Йорк

Имарат кулардан мурда жарылуунун үнү чыкканы айтылууда. New York Times окуяга күбө болгондорго таянып, жабыркагандар көп экенин жазып чыкты.

Кийинчерээк Нью-Йорктун мэри жарылууга газдын чыгышы себеп болгонун билдирди.

Жарылуудан ондогон киши жабыркаганы, үчөөнүн абалы оор экени айтылууда. Өрт өчүрүүчүлөр болсо имарат толугу менен кулап калышы ыктымалдыгына кооптонуп жатышат.