"Полуторка", шоопур аке жана майдан

Кемел Сооронбаев 1936-жылы Токмоктогу айыл-чарба техникумун алгачкылардан болуп бүтүргөн жана Тоң районундагы Тоң совхозунда биринчи айдоочу болгон. Тоңдуктардын баары аны "Шоопур аке" деп аташчу. Бул автомашина ошол кездеги атактуу "Полуторка". Аны Кемел Сооронбаев 1936-жылдан 1942-жылдын май айына чейин айдаган. 1942-жылы майда армияга чакырылып, согушта Дон суусунун жээгинде 711-аткычтар дивизиясынын катарында аткыч болуп кызмат кылган. 1942-жылы ноябрда бутунан оор жарадар болуп, Саратов шаарында госпиталда эки ай жатып, 1943-жылдын февраль айында "согушка жараксыз" деп демобилизация болот. 1943-жылдын март айынын аягында эки ай жол жүрүп, араң үйүнө жеткен. 

Бирок бутун чөп менен дарылап айыктырып, 1944-жылдын март айынан 1945- жылдын 1-майына чейин кайра айдоочу болуп иштеп жүргөндө экинчи жолу, 1945-жылы 9-майда согушка чакырылат. Фронтко камынып жатканда Жеңиш жарыяланып калат. Кемел Сооронбаев согуш мезгилинде алган жаракатынын кесепетинен буту кийин да ооруп жүргөн. Ошондой эле согуш жылдарындагы оор күндөрдө пайда болгон астма оорусунан улам 1985-жылы каза болот. Сүрөттө анын өз колу менен сүрөткө жазган латынча эскертүүсү.   

Кудайберген Жолалиев (солдо) 1923-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кароол-Дөбө айылында төрөлгөн. 1942-жылы согушка кеткен. Майданда 1943-жылы курман болуп, Сталинград (азыркы Волгоград) облусуна караштуу Куйбышев районундагы Степановка кыштагында жерге берилген деген маалыматтар бар. 

Дүйшөн Жамгырчиев ​Кара-Буура районундагы Шекер айылында төрөлгөн. 1939-жылы армияга, кийин согуш башталганда андан ары майданга кеткен. Ошону менен  кабарсыз. Кара кагаз, кат кабар да келген эмес. Согушка чейин жети класстык билими жана айдоочулук күбөлүгү болгон. Үйлөнө элек кезинде согушка кеткен экен. 

Дүйшөн Жамгырчиев (оңдо).