27-мартка карата аба ырайы

27-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,
Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13,
Баткенде түнкүсүн 2...7, күндүз 9...14,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 4...9, күндүз 11...16,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13,
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 14 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 5…7, күндүз 13…15 градус болот.