Бул туурасында мэриянын 2014-жыл боюнча отчетунда айтылат. Маалыматка караганда бул кырсыктардын кесепетинен 98 адамдын өмүрү кыйылып, 3 миң 126 киши ар кандай жараат алган.
Жол кайгуул кызматы бир жыл ичинде кырсыкты алдын алуу жаатында 90 иш-чара уюштурган. Жол эрежесин бузуулар боюнча 87 миллион сомдон ашык айып салынып, 6 миңге чукул иш сотко жолдонгон. (AzK)