Балыкчы: кедери кеткен кемечилик ишканасы
Ишкананын адистери кемелер союз маалында көлдүн ар бурчуна ширенкеден тартып, үй эмеректерине чейин ташыганын айтышат.
Учурда кемечилик ишканасында жүк ташуучу 4 баржа (экөө гана иштейт), Норд жана Ост (1965-ж) кемелери гана калган. Аталган эки кеме баржа тартат.
Ишкана жетекчилиги билдиргендей, былтыр мамлекеттен 7 миллион сом бөлүнүп, бул каражатка дагы 2 баржаны оңдоодон өткөрүп, ишке киргизүү пландалууда.
Ал эми 2010-жылга чейин Токтогул жана Альбатрос чоң жүргүнчү ташуучу кемелери жана 5 баржа жеке адамдарга сатылып кеткен.
Мындан сырткары 30 адамга чейин бата турган 3 кичи кеме менчиктештирилген.
Кемечилик ишканасы учурда Каракол шаарына гана көмүр тартат. Бир жылда 30 миң тоннага жакын, кызмат көрсөтүү акысы - 1 тоннага 295 сом.