Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүнүн альтернативалык жолдоруна көңүл бурулбай жатат. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Электр энергиясынын проблемалары жана аларды чечүү” жыйынында эксперттер билдирди.
Алардын айтымында, тартыштыкты жоюунун үч жолу бар - энергияны суудан, күндөн жана шамалдан алуу. Бирок өлкө суудан гана иштеп чыгуу жагына басым жасагандыктан, калган эки мүмкүнчүлүккө көңүл бурбай келет. Адистер энергияны шамалдан алуу мүмкүнчүлүгү Таш-Көмүр, Балыкчы жана Сүлүктүдө жогору экенин белгилешет.
Бүгүнкү талкууну Отун-энергетикалык комплексти тескөө боюнча мамлекеттик агенттик уюштурду.
Кыргызстан өткөн жылдан бери энергетикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Республикада керектөө өсүп, жакынкы жылдары тартыштык 4-6 млрд. кВт. саатка жетерин өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев да белгилеген.(AzK\SE)